Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өткөн "Борбор Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Анда Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдарлыгын айткан. Ал Кыргызстан менен Япониянын экологияны, туруктуулукту, коммуникация жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган кызматташуусун колдой турганын ырастап, Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү негизги көйгөйлөр экенин белгилеген.Жапаров мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы, сел агымдарынын жана сейсмикалык активдүүлүктүн өсүшү калкка, инфраструктурага түздөн-түз коркунуч келтирип жатканына басым жасаган. Япониянын катышуусунда эртерээк эскертүүнүн аймактык системасын түзүүнү жана табигый коркунучтарды болжолдоо боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүүнү сунуштаган. Президент япон тараптын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалап, өнөктөштөрдү Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга, ал эми инвесторлорду "Асман" экологиялык таза шаар долбоорун курууга катышууга чакырган. Мындан тышкары, Япониянын алдыңкы университеттеринде, биринчи кезекте маалыматтык технологиялар жана инженерия багыттары боюнча билим берүү квоталарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин да айткан.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөдөгү кант өндүргөн эки заводду модернизациялоого 25 миллион доллар бөлөт. Бул туурасында аталган фондудан билдиришти.Заводдор модернизацияланган соң анын чийки затты сатып алуунун көлөмү көбөйүп, өлкөнүн кумшекерге муктаждыгын жаба алат. "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" кант заводдору 100 миңден ашык адам иштеген ири жай. Аталган заводдорго 3500гө жакын фермер чарбалар өздөрү өстүргөн продукциясын өткөрөт. Кыргызстандын кумшекер өндүрүү тармагы көп убакыт бою өнүкпөй, тескерисинче, артка кеткен. Анын кайра бутуна туруу мезгили 2016-2017-жылдарга туура келет. Бул РКӨФтүн колдоосунун менен ишке ашкан. Анда фонд эки заводго 16 миллион доллардан каралган.
Ошто экономикалык аткезчиликке шектелген топ кармалганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, алар Түркиядан кымбат дары-дармектерди жана зер буюмдарды аткезчилик менен алып келип, кайра эле Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарып турушкан. Трансулуттук кылмыштуу топтун ичинде өзбекстандык 15 киши, Кыргызстандын 10 жараны болгон. Аларга Бажы кызматынын эки адиси, Чек ара кызматынын бир кызматкери көмөктөшүп жүргөнү аныкталганын айтышты. Бардыгы атайын кызмат тарабынан кармалган."Кылмыштуу топ 2025-жыл ичинде Түркияга 50дөн ашык жолу барып, 50 килограммдан ашык алтын буюмдарды мыйзамсыз алып келген. Топтун уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү катары кармалган үч өзбек жараны жана беш кыргыз жараны тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта. Учурда кылмыштуу схемага катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды тактоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.