Улуу Британия Россияга каршы санкциялык тизмесин жаңыртып, ага Кыргызстандагы "Кифико" ЖЧКсын дагы киргизди. Бул тууралуу британ казыналыгынын документтеринде айтылат. "Кифико" Россия өкмөтүн колдоду деп айыпталууда. Ишкана Россия бийлиги үчүн "стратегиялык мааниге ээ" болгон каржы секторунда бизнес жүргүзөрү белгиленген. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, "Кификонун" кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан. Фирма баалуу кагаздар рыногунда, ошондой эле Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы берген мөөнөтсүз үч лицензиянын негизинде виртуалдык активдер менен кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Британия казыналыгынын документтеринде, атап айтканда, "Кифико" буга чейин Улуу Британия эле эмес, АКШ жана Евробиримдик тарабынан да санкцияга кабылган "A7" компаниясы менен байланышы бар деп айтылат. Мындан тышкары, санкциялык тизмеге Өзбекстандан төрт компания кирди: Алар Россияга атайын операцияны жүргүзүү үчүн колдонулган товарларды же технологияларды жеткирүүгө шектелип жатышат. 18-декабрдан баштап Лондон жогоруда аталган бардык компанияларга карата активдерди тоңдурууга кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизди. Борбор Азиядан тышкары, жаңыланган тизмеге Россиядан жана БАЭден келген уюмдар да тушукту.
20-декабрдан 22-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Автоунаа жолдорунун төмөнкү тилкелеринде кооптуу абал сакталууда: Бишкек — Ош жолунун 121–138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-74, 86-101-чакырымдары (Чапчыма ашуусу); Красная Горка — Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымдары; Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65–110-чакырымдары; Каракол — Эңилчек жолунун 45–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу); Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу). Өзгөчө кырдаалдар министрлиги транспорт каражаттарынын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоо зарылдыгын эскертет. Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда 112 номерине чалыңыз.
Кыргызстан да, Венгрия да "Россия-Украина жаңжалын тынчтык жолу менен гана жөнгө салуу зарыл" деген жалпы позицияны карманган өлкөлөр. Бул тууралуу КР өкмөт башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев менен Венгриянын ТИМ башчысы Петер Сийярто жолугушканда билдиришти. Амангелдиев аталган өлкөгө жумушчу сапар менен барган."Эки өлкө тең жаңжалды географиялык жактан узартууга же кеңейтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге каршы чыгат", — деп билдирди минкабдын маалымат кызматы. Тараптар Европа биримдиги менен санкциялык маселелер боюнча иштерди улантууга даяр экендигин белгилешкен. Алар ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тууралуу кеп козгоп, ал эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун негизги куралдарынын бири болуп саналарын белгилешкен. "Сийярто фондду 45 миллион долларга чейин капиталдаштыруу жолу менен Кыргызстанда иштеген венгриялык компанияларды мындан ары да колдоого даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.