Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Улуу Британия Россияга каршы санкциялык тизмесин жаңыртып, ага Кыргызстандагы "Кифико" ЖЧКсын дагы киргизди. Бул тууралуу британ казыналыгынын документтеринде айтылат. "Кифико" Россия өкмөтүн колдоду деп айыпталууда. Ишкана Россия бийлиги үчүн "стратегиялык мааниге ээ" болгон каржы секторунда бизнес жүргүзөрү белгиленген. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, "Кификонун" кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан. Фирма баалуу кагаздар рыногунда, ошондой эле Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы берген мөөнөтсүз үч лицензиянын негизинде виртуалдык активдер менен кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Британия казыналыгынын документтеринде, атап айтканда, "Кифико" буга чейин Улуу Британия эле эмес, АКШ жана Евробиримдик тарабынан да санкцияга кабылган "A7" компаниясы менен байланышы бар деп айтылат. Мындан тышкары, санкциялык тизмеге Өзбекстандан төрт компаниясы кирди.Алар Россияга атайын операцияны жүргүзүү үчүн колдонулган товарларды же технологияларды жеткирүүгө шектелип жатышат. 18-декабрдан баштап Лондон жогоруда аталган бардык компанияларга карата активдерди тоңдурууга кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизди. Борбор Азиядан тышкары, жаңыланган тизмеге Россиядан жана БАЭден келген уюмдар да тушукту.
Бишкек ШИИББи милиционер тарабынан зордукталды деген жашы жете элек кыз боюнча окуянын чоо-жайын кабарлады. Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаанын Свердлов райондук ИИБинин участкалык милиционери жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалганы белгилүү болгон. Милициянын маалыматы боюнча, жабырлануучу 8-класстын окуучусу. Ал жашы жете электер боюнча иштеген инспекторго ноябрь айынын аягында кайрылып, "милиционер менен жакын мамиледе болгонун" айтып берген. Факт боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Укук коргоо органынын шектүү кызматкери Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.
Атайын операциядагы стратегиялык демилге толугу менен Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колуна өтүп, бардык багыт боюнча каршы тарап артка чегинүүдө. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин түз байланыш менен бириктирилген жылды жыйынтыктаган ири маалымат жыйында айтты. Ал жыл аягына чейин россиялык аскерлердин ийгилигин көрөрүнө ишеним арткан. "Фронттун бүтүндөй чектери боюнча чабуул жүрүп жатат. Айрым тилкелерде алдыга жылуу ылдамыраак, кээ биринде жайыраак жүрүүдө. Бирок бардык багыттарда каршы тарап артка кайтууда", — деди ал. Путиндин айтымында, Киев бийлиги Славянск–Краматорск–Константиновка агломерациясында дээрлик 10 жыл бою бекемделген район түзгөн. Бул аймак Украина тарап үчүн негизги коргонуу борбору болуп турат. Анда окоптор, коргонуу курулуштары жана аскердик позициялар алдын ала даярдалган. Ошондуктан бул багыттагы салгылашуулар эң оор жана стратегиялык мааниге ээ. Россия лидери россиялык аскерлер Курск облусун кайра кайтарып алгандан кийин атайын операция аймагындагы стратегиялык демилге Россия Куралдуу күчтөрүнүн колуна өтк