Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жыл соңунда аскерлердин ийгилигине күбө болобуз. Путин атайын операция туурасында

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Атайын операциядагы стратегиялык демилге толугу менен Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колуна өтүп, бардык багыт боюнча каршы тарап артка чегинүүдө. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин түз байланыш менен бириктирилген жылды жыйынтыктаган ири маалымат жыйында айтты.
Ал жыл аягына чейин россиялык аскерлердин ийгилигин көрөрүнө ишеним арткан.
"Фронттун бүтүндөй чектери боюнча чабуул жүрүп жатат. Айрым тилкелерде алдыга жылуу ылдамыраак, кээ биринде жайыраак жүрүүдө. Бирок бардык багыттарда каршы тарап артка кайтууда", — деди ал.
Путиндин айтымында, Киев бийлиги Славянск–Краматорск–Константиновка агломерациясында дээрлик 10 жыл бою бекемделген район түзгөн. Бул аймак Украина тарап үчүн негизги коргонуу борбору болуп турат. Анда окоптор, коргонуу курулуштары жана аскердик позициялар алдын ала даярдалган. Ошондуктан бул багыттагы салгылашуулар эң оор жана стратегиялык мааниге ээ.
РФ лидери россиялык аскерлер Курск облусун кайра кайтарып алгандан кийин атайын операция аймагындагы стратегиялык демилге Россия Куралдуу күчтөрүнүн колуна өткөнүн белгилеген.
Путин: Киев бийлигинин тынчтыкка умтулуусу байкалган жок