Садыр Жапаров Япониянын императору менен жолукту. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкөнүн императору Нарухито менен жолугушту. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Анда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук байланыштарды бекемдөө, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелери талкууланган.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкөнүн императору Нарухито менен жолугушту

2 / 3

Анда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук байланыштарды бекемдөө, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелери талкууланган

3 / 3

Мындан тышкары, Садыр Жапаров императордун суу ресурстары жаатындагы илимий ишмердүүлүгүн жогору баалап, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирген

"Жапаров Япония технологияларынын жана билим берүү программаларынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшкөн Япониянын стипендиялык программасын өзгөчө баалады. Мамлекет башчы учурда өлкөнүн төрт жогорку окуу жайында 700гө жакын студент япон таануу жана япон тили боюнча билим алып жатканын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров императордун суу ресурстары жаатындагы илимий ишмердүүлүгүн жогору баалап, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Ошондой эле ал император Нарухитону 2027-жылы өтө турган "Бишкек + 25" экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Япон өкмөтүн биринчи ирет аял башкара баштады. Санаэ Такаитинин өмүр баяны