БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жасалма документтерди даярдоо боюнча ири канал аныкталды. Бул тууралуу аймактык ИИББ билдирди.
Туруктуу канал 2023-жылдан бери иштеп, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, медициналык жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын жасалма документтерин даярдоо менен алектенген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш иши козголду.
35 жаштагы аялдын үйүн жана унаасын тинтүү учурунда милиция 800дөн ашык жасалма документ жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын 10 жасалма мөөрүн тапкан.
Шектүү кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.