Ал бүгүнкү күнгө чейин өз доорунун эң мыкты согуштук машинасы деп эсептелет. Анын артыкчылыктарын АКШнын телеканалдарында да санап берип, мойнуна алган.
Бул танк Улуу Ата Мекендик согуштун айбаттуу куралына кантип айланганын Sputnik Ближнее зарубежье баяндап берди.
Т-34 танкы Харьков шаарындагы №183 заводдун конструктордук бюросу тарабынан, Михаил Кошкиндин жетекчилиги менен иштелип чыккан. Негизги талап — жөнөкөйлүк болгон. Бул согуштун эң оор шарттарында массалык өндүрүштү тез жолго коюуга мүмкүнчүлүк берген.
"Татаал машинаны жасоо, албетте, ар дайым оңой. Ал эми жөнөкөй машинаны жасоо — ар бир эле конструктордун колунан келе бербейт", — деп башкы конструктордун орун басары белгилеген.
1940-жылдын март айында Харьковдон Москвага барып, кайра кайтып келген танканын жүрүшү согуштук машинанын ишенимдүүлүгүн далилдеген. Бирок бул сапар Кошкиндин өмүрүнө тете болгон. Тилекке каршы, ал өпкөсү кагынып каза тапкан.
Вермахтты селейткен. Өз мезгилинен алганда революциялык кадам ташталган Т-34 танкасынын конструкциясы душманга абдан катуу таасир калтырган. "Отуз төрттүн" фронтто пайда болушу немецтерге жагымсыз жаңылык болгон. Анткени алардын негизги танкага каршы койгон каражаттары абалга аралжы боло албай койгон.
Кийинчерээк Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин танк тууралуу тамшанып айтканы бар.
"Дүйнөлүк экинчи дүйнөлүк согушта үч улуу курал болгон, алардын бири — советтик Т-34 танкы. Бирок… мен мындай керемет танк кантип пайда болгонун такыр түшүнө албайм!" — деген саясатчы.
Рекорд койгон танк. Конструкциясынын мыктылыгынын аркасында Т-34 массалык өндүрүшкө эң ылайыктуу болуп чыккан. 1940-жылдан 1945-жылга чейин советтик алты завод 58 681 танк чыгарган. Бул дүйнөлүк танк куруу тарыхында бүгүнкү күнгө чейин жаңыртылбай келген абсолюттук рекорд. Уралдагы заводдордун бири ар бир жарым саатта бирден танк чыгарып турган.
Т-34 согуштан кийинки мезгилде дээрлик бардык танк чыгарган державалардын сооттолгон техникасынын архитектурасын аныктап берген. "Отуз төрттүн" ар кандай модификациялары дүйнөнүн 46 өлкөсүнүн курал-жарагында болуп, көптөгөн аймактык жаңжалдарда колдонулган.