Улуу Британия Кыргызстандык компанияга санкция салды

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Улуу Британия Россияга каршы санкциялык тизмесин жаңыртып, ага Кыргызстандагы "Кифико" ЖЧКсын дагы киргизди. Бул тууралуу британ казыналыгынын документтеринде айтылат.
"Кифико" Россия өкмөтүн колдоду деп айыпталууда. Ишкана Россия бийлиги үчүн "стратегиялык мааниге ээ" болгон каржы секторунда бизнес жүргүзөрү белгиленген.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, "Кификонун" кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан. Фирма баалуу кагаздар рыногунда, ошондой эле Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы берген мөөнөтсүз үч лицензиянын негизинде виртуалдык активдер менен кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Британия казыналыгынын документтеринде, атап айтканда, "Кифико" буга чейин Улуу Британия эле эмес, АКШ жана Евробиримдик тарабынан да санкцияга кабылган "A7" компаниясы менен байланышы бар деп айтылат.
Мындан тышкары, санкциялык тизмеге Өзбекстандан төмөнкү төрт компания кирди:
Фергана химиялык заводу;
Gelion Business Trade (Ташкент);
Chemistry International (Навои);
Raw Materials Cellulose (Жизак).
Алар Россияга атайын операцияны жүргүзүү үчүн колдонулган товарларды же технологияларды жеткирүүгө шектелип жатышат.
18-декабрдан баштап Лондон жогоруда аталган бардык компанияларга карата активдерди тоңдурууга кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизди. Борбор Азиядан тышкары, жаңыланган тизмеге Россиядан жана БАЭден келген уюмдар да тушукту.
ЕБ санкциялары: Кыргызстандын ТИМи эл аралык аудит жүргүзүүгө чакырды