Украинада президенттик шайлоо өтсө, РФ кандай кадам ташташы мүмкүндүгүн Путин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия Украинада президенттик шайлоо өтсө, анын коопсуздугу үчүн айрым чараларды карап көрүүгө даяр. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин түз байланыш менен бириктирилген жылды жыйынтыктаган ири маалымат жыйынында айтты.
РФ лидери шайлоо учурунда Украинанын аймагына узак аралыкка жеткен куралдар менен тереңине сокку уруудан убактылуу карманып турууга мүмкүн экенин айткан.
Путин Россияда 5 миллиондон 10 миллионго чейин украиналыктар жашап жатканын эске салып, аларга да добуш бергенге мүмкүнчүлүк түзүлүшүн талап кыла турганын баса белгилеген.
Путин: Киев бийлигинин тынчтыкка умтулуусу байкалган жок