Чогулуштан кармады. УКМК Түркиядан алтын, дары ташыган топту колго түшүрдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Ошто экономикалык аткезчиликке шектелген топ кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар Түркиядан кымбат дары-дармектерди жана зер буюмдарды аткезчилик менен алып келип, кайра эле Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарып турушкан.
Трансулуттук кылмыштуу топтун ичинде өзбекстандык 15 киши, Кыргызстандын 10 жараны болгон. Аларга Бажы кызматынын эки адиси, Чек ара кызматынын бир кызматкери көмөктөшүп жүргөнү аныкталганын айтышты. Бардыгы атайын кызмат тарабынан кармалган.
"Кылмыштуу топ 2025-жыл ичинде Түркияга 50дөн ашык жолу барып, 50 килограммдан ашык алтын буюмдарды мыйзамсыз алып келген. Топтун уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү катары кармалган үч өзбек жараны жана беш кыргыз жараны тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыштуу схемага катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды тактоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.
1 / 3

Маалыматка караганда, алар Түркиядан кымбат дары-дармектерди жана зер буюмдарды аткезчилик менен алып келип, кайра эле Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарып турушкан

2 / 3

Трансулуттук кылмыштуу топтун ичинде өзбекстандык 15 киши, Кыргызстандын 10 жараны болгон

3 / 3

Аларга Бажы кызматынын эки адиси, Чек ара кызматынын бир кызматкери көмөктөшүп жүргөнү аныкталганын айтышты

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы зым тосмону кесип өткөндөр кармалды. Сүрөт