УКМК: бийликтин көмүр боюнча баа саясатын бузгандар жоопкерчиликке тартылат

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. УКМК көмүр баалары боюнча бийликтин чечимине саботаж жасагандарга кылмыш ишин козгой турганын эскертти.
Атайын кызматтан аймактардагы базалардын кожоюндарына, ортомчуларга баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.
Күзүндө мининистрлер кабинети көмүрдүн баасына чек койгон. Маселен, Кара-Кеченин көмүрү Бишкекте 5,8 миң сомдон кымбат болбошу керек.
УКМК өкмөттүн көмүрүн өөнөп кымбат саткан схеманы аныктады