Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Россияда азырынча аскердик оор дрондор жетишпей турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россияда азырынча аскердик оор дрондор жетишпей тургандыгын Россиянын президенти Владимир Путин жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында айтты.
Ал Коргонуу министрлиги менен бул жааттагы өнөр жай тармагында иш жасалып жатканын кошумчалады.
"Коргонуу министри пилотсуз учуучу аппараттар маселеси боюнча жеке өзү иш алып барат. Мындан улам кырдаал кескин өзгөрдү", — деди Путин.
Ал дрондор системасына 83 миллиард рубль топтоп берген жай жарандар менен ишкерлерге ыраазы экенин айтты.
"Атайын операцияда Россия дрондор боюнча артыкчылык кылып келебиз. Пилотсуз системаларды өнүктүрүү боюнча иштер уланып жатат", — деди президент.
РФ лидеринин маалымат жыйынын тексттик алып берүүдөн окуп турсаңыз болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жыл соңунда аскерлердин ийгилигине күбө болобуз. Путин атайын операция туурасында