БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин түз байланыш менен бириктирилген жана 2025-жылды жыйынтыктаган ири маалымат жыйыны 4,5 саатка чукул болду.
Төмөндө РФ лидеринин маалымат жыйындагы билдирүүлөрүнүн урунттуу учурлары:
Россия Украинадагы атайын операцияны кризистин негизги себептери жоюлган шартта токтотууга даяр;
Киев бийлиги жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуудан иш жүзүндө баш тартып жатат;
Россия Украинадагы шайлоолордун коопсуздугун камсыздоо маселесин карап чыгууга жана добуш берүү күнү сокку урбоого даяр;
Батыш Россияга урмат-сый менен мамиле кылса, жаңы атайын операциялар болбойт;
Атайын операция аймагындагы Россия армиясынын жетишкендиктери тууралуу айтып берди;
Владимир Зеленскийди таланттуу артист деп атады;
2025-жылдын жыйынтыгында Россиядагы инфляция 5,7 – 5,8 пайызды түзөт;
Жарандарга алдамчыларга алданып калбоо боюнча кеңеш берди;
Россияда салыктардын жогорулашы убактылуу мүнөздө экенин, келечекте салык жүгү азая турганын айтты;
Эмгек кирешеси өскөндө көп балалуу үй-бүлөлөргө берилчү колдоону жоюуга каршы экенин билдирди;
Россияда төрөлүү көрсөткүчү жок дегенде бир энеге эки балага жетиши керектигин белгиледи;
Max платформасынын ишке киришин баалап жатып, Россия толук санариптик суверенитетке жетишкенин айтты.