"Уурулук эмес, карактоо". Путин Россиянын Европадагы активдери боюнча айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. РФ президенти Европа биримдигинин россиялык активдерди конфискациялоо аракеттерин талап-тоноо деп атады. Бул тууралуу ал түз байланыш менен бириктирилген жылды жыйынтыктаган ири маалымат жыйынында айтты.
РФ лидери уурулук жашыруун болорун белгилеп, Европанын активдер боюнча ачык аракетин карактоо катары сыпаттаган.
"Активдерибизди тартып алып, Украинага насыя берүү үчүн күрөө катары колдонууну көздөп жатышат. Бул жөн гана имиджге сокку эмес, бул — ишенимдин солгундашы. Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде мунай өндүргөн мамлекеттер өздөрүнүн алтын-валюта резервдерин Европада сакташат. Мындан улам болуп жаткан окуяларга көз салып жаткан өлкөлөрдө күмөн ой жана кооптонуу пайда болууда. Кандай болсо да бир күнү кайтарууга туура келет. Биз өз кызыкчылыгыбызды коргойбуз, бул биринчи кезекте соттор аркылуу жасалат. Саясий чечимдерден көз карандысыз болгон юрисдикцияны табууга аракет кылабыз", — деген Россия лидери.
Ал ошондой эле кадыр-баркынан ажыроодон сырткары, заманбап каржы дүйнө тартибинин мурда түптөлгөн, бузулгус болгон негизине доо кетип жатканын белгилеген.
Путин: Киев бийлигинин тынчтыкка умтулуусу байкалган жок