"Адаттан тыш эч нерсе талап кылган жокпуз". Путин НАТОну кеңейтүү тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия НАТО менен кызматташып жүргөн, ал тургай альянска мүчө болуу маселеси да көтөрүлүп, бирок уюмдагылар Россиянын киришин каалаган эмес. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин түз байланыш менен бириктирилген жылды жыйынтыктаган ири маалымат жыйынында айтты.
РФ лидери аталган сунуш Советтер Союзу убагында, кийин РФ үчүн да болгонун белгилеген. Ал НАТОну чыгышты көздөй кеңейтпөө боюнча Россияны бир нече жолу алдап кетишкенин, мурда берилген убадалар көңүл сыртында, аткарылбай калганын эске салды.
"Биз адаттан тыш эч нерсе талап кылган жокпуз. НАТО аскер инфраструктурасынын Россиянын чек араларына жакындашы тынчсызданууну жаратат. Ар бир өлкө өз коопсуздугун камсыз кылуу жолун тандай алат. Бирок ал жол башка өлкөлөргө, анын ичинде бизге да коркунуч жаратпашы керек",— деген Путин.
Путин: Киев бийлигинин тынчтыкка умтулуусу байкалган жок