Кыргызстан менен Венгрия Украина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактайт

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстан да, Венгрия да "Россия-Украина жаңжалын тынчтык жолу менен гана жөнгө салуу зарыл" деген жалпы позицияны карманган өлкөлөр. Бул тууралуу КР өкмөт башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев менен Венгриянын ТИМ башчысы Петер Сийярто жолугушканда билдиришти.
Амангелдиев аталган өлкөгө жумушчу сапар менен барган.
"Эки өлкө тең жаңжалды географиялык жактан узартууга же кеңейтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге каршы чыгат", — деп билдирди минкабдын маалымат кызматы.
Тараптар Европа биримдиги менен санкциялык маселелер боюнча иштерди улантууга даяр экендигин белгилешкен.
Алар ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тууралуу кеп козгоп, ал эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун негизги куралдарынын бири болуп саналарын белгилешкен.
"Сийярто фондду 45 миллион долларга чейин капиталдаштыруу жолу менен Кыргызстанда иштеген венгриялык компанияларды мындан ары да колдоого даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Венгрия ТИМ башчысы Европа Россия менен согушууга камданып жатканын айтты