БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия азырынча Киев бийлигинин жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулганын көргөн жок. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин түз байланыш менен бириктирилген жылды жыйынтыктаган ири маалымат жыйынында билдирди.
Ал Киев бийлиги Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын эске салды.
"Алар азыр да жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөн баш тартып жатат. Ошол эле учурда диалог жүргүзүүгө даяр экендиги тууралуу белгилер да байкалууда. Биз бул кармашка алып келген алгачкы себептер жоюлганда сүйлөшүүгө даярбыз", — деди РФ президенти.
Ал Украина жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөн баш тартып жатканын кошумчалады.
Президент Украинаны жаңжалды тынчтык жолу менен соңуна чыгарууга мажбур кыла турган нерсени айтты. Ал — Украинанын куралдуу күчтөрүнүн резервинин түгөнүшү экенин белгиледи.
РФ лидеринин маалымат жыйынын биз жүргүзүп жаткан тексттик алып берүүдөн окуп турсаңыз болот.