Мектепте аскерге чейинки даярдык сабагын окутуу маселесин чечүү боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Канагат Уразбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аскерге чейинки даярдоо иштери үч тепкичтен турат.
"Мамлекетибизде аскерге чейин даярдоо боюнча иштер үч тепкичтен турат. Биринчиси, мектепте жана улуттук аскер лицейинде уюштурулат. Мектептерде мугалимдерибиз бар. Ал эми 9-классты бүткөн соң, 10-11 класстарга аскердик билим алуу улуттук аскер лицейинде уюштурулат. Ал эми экинчи баскыч жогорку аскердик окуу жайы болуп эсептелинет. Борбордогу Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда төрт жыл окушат. Ошондой эле үчүнчүсү, аскердик жогорку окуу жайын бүтүп келгенден кийин күжүрмөн даярдоо борборунда жана чет өлкөлөрдө окутуп келебиз. Буга квалификацияны жогорулатуу, магистратура, докторантура кирет. Бир жыл толук аскердик кызмат өтөгөн жаран кааласа аскердик билимин уланта алат", — деди Уразбеков.
Ал окуучуларга өтүлүүчү аскерге чейинки даярдоо сабагы кайра иштелип чыкканын белгиледи.
"Жакында эле башкы кол башчы Садыр Жапаровго мектептеги балдарды аскерге чейинки даярдоо сабагына байланышкан көйгөйлүү маселени айтканбыз. Негизи мындай сабак бар. Ал сабакты өтө турган мугалимдер деле бар. Бирок, тилекке каршы, мугалимдерге берген саатына жараша акча төлөнүп калган. Маяна маселеси жолго коюлса, көйгөй чечилмек. Кээ бир мектептердин аскерге чейинки даярдык сабактарын эжейлер өтөт. Айрым мектептерде аскердик кызматты түшүнбөгөн мугалимдер берет. Мунун баарын жөнгө салуу үчүн Коргоо министрлигинин, Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ортосунда түзүлгөн топ жогорудагы маселелердин бардыгын талдап чыктык. Алгач буга тиешелүү 181-токтомго өзгөртүү киргизүүгө сунуштарыбызды бердик. Экинчиден, аскерге чейинки даярдык сабагынын программасын кайра иштеп чыктык", — деди Уразбеков.
Ал аскерге чейинки даярдык сабагынын QR аркылуу көрүүчү видеороликтер камтылган заманбап окуу китебин иштеп чыгуу меморандумуна кол коюлганын кошумчалады.