20-декабрга карата аба ырайы

20-декабрда республиканын тоолуу аймактарына көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө аймактарына кар түшүп, айрым жерлерди туман капташы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй аймагында -1…4, Таласта -2…3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 2…7, Ысык-Көлдө 0...5 градус болот. Ал эми Нарын жергесинде термометр 0…-5 градусту көрсөтөт.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, температура 1…3, Ош калаасында 4…6 градуска жетет.
ӨКМ Кыргызстандын трассаларында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти