Өлкөдө жеке менчик мектептерге лицензия берүү процесси толугу менен автоматташтырылып, ишкерлер жана жарандар үчүн жеңилдиктер түзүлдү. Мурда министрликтер менен мекемелерди кыдырып документ топтоо талап кылынса, эми керектүү маалыматтын баарын бирдиктүү автоматташтырылган система аркылуу эле ишке ашырса болот. Жеке мектеп ачууга ниеттенгендер license.edu.gov.kg порталына кирип, документтерин электрондук түрдө тапшырып, процессти онлайн көзөмөлдөй алышат.
Бул өзгөрүү убакытты, чыгымды да кыскартып, бюрократияны азайтууга багытталган. Долбоор “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндүн ичинде ишке ашырылган. Жаңы система жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп гана тим болбостон, билим берүүнүн өнүгүшүнө да өбөлгө болот.
Бул тууралуу Агартуу министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова маалымдады.