Акысыз юридикалык жардам: жарандардын укугун коргоо жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

Sputnik
Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүп келет. Бул система калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Акысыз юридикалык жардам өзгөчө социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандар үчүн маанилүү болуп, консультация берүү, укуктук документтерди даярдоо жана агартуу иштери аркылуу ишке ашырылат. Кызматтын негизги максаты — жарандарга укуктук колдоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу. Маектин жүрүшүндө меймандар бкл кызматтын иши менен толук тааныштырып, жол-жобосун түшүндүрүп беришти.