Россияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси менен иштөөгө Экономика министрлигинде штаб түзүлгөнүн Адылбек Касымалиев билдирди. Мурдараак социалдык тармактарда Кыргызстандагы тигүү цехтери кыйын абалга туш болгону, тагыраагы, алардын тиккен товарларынын Россияга киришинде көйгөй жаралып жатканы маалымдалган. РФтин мамлекеттик органдары муну көмүскө импортко каршы күрөшүү максатында чек арадагы көзөмөл чаралардын бири экенин айтышкан. Министрлер кабинетинин төрагасы "Ала-Тоо 24" каналына маек курду. Анын айтымында, Россия тыштан келген товарларды текшерүүнү күчөттү жана ага түшүнүү менен кароо керек. Мындан улам Казакстан менен РФтин чек арасында унаалар топтолуп калган көрүнүш бар. "Жерине Экономика министрлигинен делегация жөнөтүлүп, чек арадагы абалды көрүп келишти. Ошондой эле министрликте штаб түзүлүп, ар бир фактыны бизге жеткирүүдө. Биз россиялыктар менен байланышып, маселени чечип жатабыз", — деди Касымалиев. Ал бирдиктүү оператор түзүү каралып жатканын, ал аркылуу бизден барган товарларды өткөрүү жеңил болорун белгиледи. Мындан тышкары, Ozon менен Wildberries маркетплейстеринде кошумча нарк салыгы киргизилгенин айтты.Касымалиев президент тигүү тармагын колдоого тапшырма бергенин, өкмөт жеңилдиктерди карап жатканын кошумчалады.
УКМК көмүр баалары боюнча бийликтин чечимине саботаж жасагандарга кылмыш ишин козгой турганын эскертти. Атайын кызматтан аймактардагы базалардын кожоюндарына, ортомчуларга баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлашты. Күзүндө мининистрлер кабинети көмүрдүн баасына чек койгон. Маселен, Кара-Кеченин көмүрү Бишкекте 5 миң 800 сомдон кымбат болбошу керек.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мөмөлүү бактарды тигүү боюнча кеңеш берди. Ведомствонун маалыматына караганда, мөмөлүү бак-дарактарды эгүүдө эң биринчи аймактын климаттык шарттарын жана бактын биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл. Кыргызстандын түштүк аймактарында бак-дарактарды кышкы, күздүк жана жаздык эгүү ыкмалары менен эгүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми түндүк аймактарында бак-дарактарды негизинен күзүндө же жазында эгүү сунушталат. Себеби, кышкы эгүүдө жер катуу тоңуп, көчөттүн тамыры жабыркап, бак өсүп кетпей калуу коркунучу жогору. Эгүү мөөнөттөрү климаттык шарттарга жана көчөттүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
Украинанын аймагына Батыштын аскерлерин жайгаштыруу Россия үчүн акылга сыйгыс нерсе бойдон калат. Мындай күчтөр ал өлкөдө пайда болсо россиялык армиянын бутасына айланат. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. Ал ошондой эле Москванын Украина менен АКШнын 20-21-декабрда болжолдонгон жолугушуусунан маалыматы жок экенин билдирди. Буга чейин Axios басылмасы Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жетекчиси Рустем Умеров баштаган делегация АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен сүйлөшүү үчүн Майамиге барарын жазып чыккан.