БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Украинанын аймагына Батыштын аскерлерин жайгаштыруу Россия үчүн акылга сыйгыс нерсе бойдон калат. Мындай күчтөр ал өлкөдө пайда болсо россиялык армиянын бутасына айланат. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина аймагында Батыштын аскерлерин кандай гана форматта жайгаштыруу аракети болбосун, Россия үчүн кабыл алынгыс нерсе бойдон кала берерин белгилеп кетким келет. Тынчтык орнотуучулардын атын жамынып келгендер Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасына айланарын да кайталап келебиз", — деген Захарова.
Ал ошондой эле Москванын Украина менен АКШнын 20-21-декабрда болжолдонгон жолугушуусунан маалыматы жок экенин билдирди.
Буга чейин Axios басылмасы Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жетекчиси Рустем Умеров баштаган делегация АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен сүйлөшүү үчүн Майамиге барарын жазып чыккан.