БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстан ИДПнын өсүүсү боюнча аймакта лидер бойдон кала берет, өлкөнүн экономикасы кийинки жылы 9,3 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу ЕАӨБдүн божомолунда айтылган.
Буга транспорт, энергетика, суу менен камсыз кылуу жана турак жай жааттарына салынган инвестициянын көбөйүшү өбөлгө болот.
Банктын серепчилери 2026-жылы инфляция 8,3 пайызга чейин болорун айтышууда. Ал эми кийинки жылы доллардын курсу 89,2 сомдун тегерегинде болору күтүлүүдө. Буга алтындын кымбатташы менен акча которуулар негиз болот.
ЕАӨБдүн болжолунда, Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик чени кийинки эки жылда 11 пайыз деңгээлинде сакталып турат.