БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. РФ Мамлекеттик Думасынын жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Володин кесиптешин парламенттик шайлоодогу жеңиши жана спикерликке шайланышы менен куттуктады. Ал россиялык жана кыргызстандык мыйзам чыгаруучулардын ортосундагы конструктивдүү диалог эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин белгиледи.
Тараптар парламенттер аралык өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү жана Москвада өткөн ЖККУ ПАнын жыйынтыгын талкуулашты. Мамлекеттик Думанын төрагасы Тургунбек уулуна ийгиликтерди каалап, аны Россияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.