Трамп жетишкендиктер жөнүндө элге кайрылуусунда Украинаны сөз кылган жок

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек.— Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп жыл ичиндеги ийгиликтерин тизмектеп, администрациясынын жетишкендиктерин айтып, келечек пландары менен бөлүшкөн кайрылуу жасап, анысында Украина жана Венесуэла тууралуу бир да жолу айткан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Америка лидери акыркы 11 ай ичинде анын администрациясы өлкөнүн тарыхындагы бардык мурдагы президенттерден да көп ийгиликке жеткенин белгилеген. Трамптын айтымында, ал өлкөнү АКШнын тарыхындагы эң оор абалда кабыл алган жана азыр ал кырдаалды оңдоп жатат.
"Бир жыл мурда биздин өлкө кыйроонун алдында турган. Ал эми азыр биз дүйнөдөгү эң мыкты мамлекетпиз. Муну акыркы беш ай ичинде мен сүйлөшкөн ар бир лидер айтты. Кызматыма киришкенде инфляция акыркы 48 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткен. Демократтар башаламандык жаратты. Бүткүл дүйнөгө коркунучтуу абал түзүштү. Бирок эми сиздерде мыйзамды сыйлаган жана эмгекчил америкалыктар үчүн күрөшкөн президент бар", — деген ал.
Трамптын башка билдирүүлөрү:
АКШ акыркы 50 жылда биринчи жолу мигранттардын өлкөдөн кетишин байкоодо;
Америка куралдуу күчтөрү дүйнөдөгү эң күчтүү армияга айланды;
АКШнын чек арасы тарыхтагы эң коопсуз абалга жетти;
деңиз жолу менен АКШга баңгизат ташуу 94 пайызга кыскарды;
АКШ жакынкы бир жылда 1600 жаңы электр станциясын ишке кирет.
Ал арада журналист Такер Карлсон америкалык мыйзам чыгаруучуга шилтеме берип, Трамп бүгүн эртең менен улутка кайрылуу жасап, Венесуэла менен согуш башталганын жарыялашы мүмкүн экенин билдирген. Бирок АКШ президенти алдыдагы кайрылуусу экономикадагы жетишкендиктерге арналарын айткан.
Трамп Латын Америкасындагы баңги топторго каршы жерден сокку урула баштаарын айтты