БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу отурумга катышпаган депутаттардын маянасы кыркылып, тизмеси коомго жарыя болорун айтты.
Мындай эскертүүнү ал VIII чакырылыштын жыйынынын экинчи күнүндө жасады.
Спикер мыйзамдар комитеттерде ийне-жибине чейин каралып, пленардык жыйынга добуш берүүгө гана чыгарылышы керектигин белгиледи. Ошондуктан ар бир депутат комитеттердеги талкууга активдүү катышуусу керектигин эскертти.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин бул сапаркы чакырылышы ишин кечээ, 2025-жылдын 17-декабрында, баштады. Алар ант берип, мандатын алып ишке киришти.