БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Брюсселдеги саммиттин алдында Россиянын активдерин конфискация кылуу боюнча талкууда ар кыл пикирлер жаралып, Европанын лидерлери бир топ эле чатакташа кетишти. Бул туурасында Politico басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү кечинде Европа лидерлери, кеминде эле коомчулук алдында, ача пикирлер жаралган лагерлерге бөлүнүп кетишти. Материалда айтылгандай, алардын Киевди кантип каржылоо керектиги боюнча макулдашууга келиши кыйын болчудай. Буга бир жагынан жалпы карыз маселеси боюнча Түндүк менен Түштүктүн ортосунда мурдагыдай эле кайчы пикирлердин кайра жанданышы себеп болууда.
Басылманын маалыматына ылайык, дипломаттар Украинага каржылык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууну сактап калуу үчүн 11 саат бою компромисске келүүгө аракет кылышкан.
Басылманын жазышынча, туңгуюктан чыгуунун мүмкүн болгон жолунун алгачкы багыттары эми гана билине баштады. Бирок мындай жолду иштеп чыгуу үчүн сааттап созулган сүйлөшүүлөр талап кылынат.
Буга чейин, шаршемби күнү, Politico басылмасы Евробиримдикке РФтин каражатын алуу тууралуу чечим 18–19-декабрда өтө турган саммитте Бельгияны айланып өтүп кабыл алынышы мүмкүндүгүн билдирген. Маалыматка ылайык, дүйшөмбүдө мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү Брюсселди Украинага каржылык жардам көрсөтүү үчүн тоңдурулган активдеринен пайдаланууну колдоого дагы бир жолу ынандыра алышкан эмес. Бельгиянын премьери Барт де Вевер бул кадамды уурулук деп атап, сотко кайрылуудан кайра тартпастыгын айткан.
Кечээ Венгриянын премьери Виктор Орбан Европа комиссиясы ЕБдин саммитинин күн тартибинен Россиянын активдерин конфискациялоо боюнча маселени алып салганын билдирген. Кеп 18–19-декабрда өтө турган Евробиримдик кеңешинин саммити тууралуу болуп жатат. Анын айтымында, анын ордуна Украинага жардам көрсөтүү үчүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен насыясы тууралуу сунуш бар, бирок Будапешт бул демилгеге каршы чыгууда.
Активдердин айланасындагы абал
Атайын операциялар башталгандан кийин Евробиримдик жана G7 өлкөлөрү Россиянын валюталык резервинин жарымына жакынын бөгөттөгөн. ЕБде 200 миллиард евродон ашык каражат бар, алар негизинен Бельгиянын Euroclear эсебинде турат.
Жооп иретинде Москва чектөөлөрдү киргизген. Достук мамиледе эмес мамлекеттердин чет өлкөлүк инвесторлорунун активдери жана алардан түшкөн кирешелер "С" тибиндеги атайын эсептерде топтолот. Аларды чыгарууга өкмөттүк комиссиянын атайын чечими менен гана уруксат берилет.
Ошол эле учурда канча убакытка чейин болсо да Украинаны каржылоого жардам берүүнү убадалаган Брюссель болгон ресурсунун бардыгын түгөттү. Ал эми биримдиктеги өлкөлөр бул үчүн өз бюджеттеринен каражат бөлүүнү каалабай турат.
Ушул тапта Еврокомиссия Бельгияны Украинаны каржылоого россиялык активдерди колдонууга көндүрүү аракетинде, бирок падышалыктын бийлиги мындай кадамга баруудан баш тартууда.
Кеп репарациялык насыя деп аталган 185 миллиарддан 210 миллиард еврого чейинки сумма тууралуу болууда. Айрым маалыматтарга ылайык, Украина бул каражатты согуш бүткөндөн кийин Москва ага материалдык зыяндын ордун төлөп берсе кайтармай болгон.
Өз кезегинде Россиянын Борбордук банкы Euroclear банкынын үстүнөн 18 триллион рубль суммага доо арыз берген.