Мигранттардын балдарын тестирлөөдөн Россияга бара электе өткөрүү сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Өлкө бийлиги мигранттардын балдарын Россиянын мектептерине кабыл алуу үчүн зарыл болгон тестирлөөнү РФке бара электе эле Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Анын айтымында, мындай тестирлөөнү уюштуруу үчүн Кыргыз–Россия Славян университети (КРСУ) өз аянтчасын берүүгө даяр.
“Бул маселе боюнча жогорку деңгээлде тапшырмалар берилген. Келерки жылы бул суроо оң жагына чечилет деп үмүттөнөм”, — деген Дарманкул уулу.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жумушчуларга каралган жеңилдиктер тизмектелди