"Манас" аба майданы тумандан улам эртең менен 15 каттамды башка шаарларга жөнөттү

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эртең мененки коюу туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аба майданы 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү. Бул туурасында алардын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасы алардын ичинен жети каттам Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандары Алматыга жөнөтүлгөнүн билдиришти.
"Саат 9дан тарта абал жакшырып, "Манас" аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер кайтууда", — деп айтылат маалыматта.
18-декабрга карата аба ырайы