БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 2025-жыл башталгандан тарта эл 477,7 миллиард сом насыя алган, ал эми банктардын активдери 1 триллион 125,2 миллиард сомго жеткен. Бул туурасында Улуттук банктан кабарлашты.
Сандар менен түшүндүрсөк төмөнкүдөй:
банктардын активдери 38 пайызга өстү;
берилген кредиттер 40,2 пайызга көбөйүп, 477,7 млрд сомго жетти;
ислам принциптерине ылайык каржылоо 91,5 пайызга өсүп, 17,3 миллиард сом болду.
Калктын жалпы депозиттик базасы 35 пайызга өсүп, 800 миллиард сомго жетти.
Эске салсак, өлкөдө 21 банк жана алардын 306 филиалы иштейт.