БИШКЕК, 18-дек.— Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Алматыда өткөн информатика боюнча Евразиялык XVII олимпиадада эң мыкты жыйынтыкка жетишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 6 алтын, 9 күмүш, 6 коло медаль утуп, дагы үч катышуучу сертификатка ээ болгон.
15–16-декабрь күндөрү өткөн билим таймашына 200дөн ашык окуучу катышып, Кыргызстандын атынан 24 окуучу барган.
Алтын медалдын ээлери:
Алихан Айдарбеков — 12-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
Рамазан Мананов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
Абдуллахан Абдирасулов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
Эмирхан Сыдыкбаев — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби;
Арлан Саят — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби;
Ариет Акимов — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби.
Күмүш медаль уткандар:
Ислам Зымчыбеков — 11-класс, Таластагы "Манас Ата" лицейи;
Байыш Миңбаев — 11-класс, Купуев атындагы академия;
Азамат Алишеров — 11-класс, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицей;
Али Арапов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
Нурислам Карыпжанов — 11-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей;
Бектен Абдувалиев — 8-класс, International School of Kyrgyzstan (Ош);
Адилхан Кадыров — 10-класс, Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы лицей;
Саид Жаникеев — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;
Али Алмазов — 10-класс, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.
Коло медалдын ээлери:
Актан Мавлянов — 9-класс, Intellect school жеке мектеби;
Аруубек Баймырзаев — 9-класс, "Акылман" президенттик лицейи;
Азирет Исраилов — 9-класс, Intellect school жеке мектеби;
Андрей Филиппов — 11-класс, Бишкектеги №61 мектеп-лицей;
Сабыр Алымбеков — 10-класс, "Маариф" билим берүү комплекси;
Айтегин Базаркулов — 11-класс, Бишкектеги №61 мектеп-лицей.
Сертификат алган катышуучулар:
Байтур Ажыбаев — 10-класс, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицей;
Аман Досалиев — 9-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей;
Абдумалик Матанов — 9-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей.