БИШКЕК, 18-дек.— Sputnik. Кыргызстанда Россиядан импорттолгон кайсы товарларга суроо-талап жогору экени айтылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Россиянын экспорттук борборунун директору Владимир Некрасов маалымат берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда өтүмдүү товарлардын көптөн бери калыптанган тизмеси бар. Ага курулуш үчүн керектелген металл продукциялары, агроөнөр жай комплексинин продукциялары жана машина куруу тармагынын товарлары кирет.
Металлургия тармагы негизги багыт бойдон калып, Россиянын экспорттук борбору аркылуу түзүлгөн келишимдердин жалпы көлөмү 434 миллион долларга жеткен. Агроөнөр жай комплексинде да жогорку темп сакталып, экспорттук долбоорлор 56,7 миллион долларга мамлекеттик колдоого ээ болгону айтылды.
Ошондой эле машина куруу товарларынын экспорту 61,7 миллион долларга чейин өскөн. Некрасовдун айтымында, бул өзгөчө маанилүү, анткени бул тармак өнөр жай менен инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн технологиялык негизди түзөт.
"Россияда чыгарылган товарларга туруктуу суроо-талап бар экенин байкап жатабыз. Бул экспортту мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун дагы бир ирет тастыктап жатат", — деген ал.