БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россиянын экспорттук борбору (РЭБ) Кыргызстан менен Россиянын компаниялары ортосунда дизайн, искусство жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүп жатат. Бул тууралуу аталган борбордун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Некрасов Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, борбор россиялык креативдүү индустриянын продукциясын, анын ичинде тасмаларды, анимацияларды, музыкалык чыгармаларды жана дизайн долбоорлорунун экспортун колдоп, аларды кыргыз рыногуна таратуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Россиянын экспорттук борбору (РЭБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Некрасов
© Sputnik / Акбар Акжигитов
“Өкүлчүлүк автордук жана инновациялык чечимдерди колдойт, чыгармачыл долбоорлор үчүн жеңилдетилген насыяларды жана кепилдиктерди сунуштайт. Чет өлкөлөрдө өтүүчү көргөзмөлөргө жана фестивалдарга катышууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып берип, консультациялар менен бизнес-миссияларды уюштурат”, — деген Некрасов.