Кыргызстан менен Россия БУУ алкагындагы кызматташуусун арттырууну карап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек.— Sputnik. Москвада Россия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда Бириккен Улуттар Уюму алкагындагы кызматташуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу РФ ТИМинен билдиришти.
Жолугушууга Россиянын атынан тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин, Кыргызстандын атынан ТИМдин Эл аралык уюмдар департаментинин директору Мейрин Мамадалиев жана 4-саясий департаменттин директору Алмаз Токтоболотов катышкан.
Тараптар БУУдагы ишмердүүлүккө байланышкан маселелерди талкуулап, Кыргызстандын 2027–2028-жылдары уюмдун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүүсү тууралуу да сүйлөшүшкөн.
Жолугушууда БУУ алкагындагы алакаларга жакшы баа берилип, анын негизинде эл аралык негизги маселелер боюнча эки өлкөнүн позициялары бирдей экени белгиленген.
Россиядан Кыргызстанга гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы келди. Видео