Радио

Акматов: кадастрдык план жерге байланыштуу талаш-тартыштарды азайтат

Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Акматов кадастрдык план өлкөдөгү санариптештирүү өнөктүгүнүн бир бөлүгү деп түшүндүрдү.
Sputnik
Кадастрдык план бюрократияны, аткезчиликти азайтып, кызматтын элге жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Бул тууралуу Талантбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул кадам жерге байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечет.
"Кадастрдык пландын артыкчылыктарына токтолсок, мурда кызыл китепке байланыштуу талаш-тартыш жаралган учурлар бар эле. Мисалы, бир эле жерге кайталанып жазылган туура эмес кызыл китептер болгон. Кадастрдык план түзүүдө электрондук карталар түзүлүп жатат. Анын алкагында координаттык чекиттерди койгондо бирине-бири кабатталып калган жерлер такталып, талаш-тартыш азаюуда. Кадастрдык план бюрократия, коррупцияны азайтып, кызматтын элге жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.
Ошондой эле ал учурда алыскы аймактарда айрым техникалык өксүктөр бар экенин, бирок алар жыл аягына чейин толук чечилерин кошумчалады.