БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эксперттердин айтканына таянсак, Кыргызстандын соода тармактарындагы товарлардын 40 пайызга чукулу Россиядан келет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Россиянын экспорттук борборунун (РЭБ) жетекчиси Владимир Некрасов билдирди.
"Керектөө секторундагы кооперацияны өнүктүрүүнүн алкагында биз Кыргызстан үчүн жаңы форматты ишке киргизип, сатып алуулар боюнча онлайн-сессия өткөрдүк. Бул россиялык өндүрүүчүлөргө Кыргызстандагы эң ири соода түйүнүнө өз продукциясын тааныштырып, азык-түлүк жана башка товарларды жеткирүүнү кеңейтүү маселесин талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Сессиянын жыйынтыгында тараптар кызматташуунун конкреттүү багыттарын белгилеп, жаңы келишимдерди иштеп чыгып жатышат", — деди Некрасов.
2025-жылы РЭБ колдогон тышкы соода келишимдеринин көлөмү 607 миллион доллардан ашты. Жыл жыйынтыгында өсүш 35 пайыздан да жогору болушу мүмкүн.
"Бул экономикалык активдүүлүктүн эле эмес, Кыргызстандагы өнөктөштөрдүн россиялык продукциялар менен технологияларга ишеним арткандыгынын белгиси", — деген ал.