Чүй облусунда 1,3 млрд сомдук суу сактагыч курулат. Касымалиев капсула салды

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Адылбек Касымалиев Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу бассейндин (суу сактагыч) курулушуна мезгил кутучасын салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы жыл сайын республикалык бюджеттен ирригация тармагын өнүктүрүүгө 3 миллиард сомго чейин каражат бөлүнөрүн айткан. Өлкөдө 44 ирригациялык объектинин курулушу пландалып, учурда 10 объект толугу менен пайдаланууга берилген.
1 / 2

Чүй облусунда 1,3 млрд сомдук суу сактагыч курулат

2 / 2

Чүй облусунда 1,3 млрд сомдук суу сактагыч курулат

Ак-Суу дарыясындагы суу сактагычтын көлөмү 4,5 миллион куб метр. Ал ишке кирсе төрт айылдын 6 500 гектар сугат жери суу менен камсыздалат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, суу сактагыч 1,3 миллиард сомго курулмакчы. Ошондой эле республика боюнча 106 суу сактагыч куруу пландалган.
Этти тез тоңдуруучу алгачкы комплекс Байтикте курулмай болду