БИШКЕК, 18-дек.— Sputnik. Өкмөт санитардык көзөмөлдү күчөтүү үчүн ишкерлерди текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.
Саламаттык сактоо министрлигинин сунушуна ылайык, ашкана-кафелер, тез тамактануу пунктулары жана косметология боюнча медициналык кызмат көрсөткөн жайларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү каралууда.
"Ишкердиктин субъектилерин текшерүү тартиби жөнүндө" мыйзамга ылайык, жаңы ачылган ишканалар үч жыл бою текшерилбейт. Текшерилсе, алдын ала 10 күн мурда эскертилиши керек. Мындай механизм текшерүүнүн натыйжасын азайтууда", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Министрлик туристтик сезондо коомдук тамактануу жайлары көзөмөлсүз калып, уулануу жана жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдиги күчөп жаткандыгын белгилеген.
Ушуга байланыштуу тамактануучу жайларды, медициналык кызмат көрсөткөн жерлерди текшерүүгө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталууда. Ошондой эле санитардык талаптар одоно бузулган жана калктын саламаттыгына түз коркунуч жаралган учурларда объектинин ишин убактылуу токтотуу механизмдерин кеңейтүү каралууда. Анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине айрым ишмердүүлүктүн түрлөрүн токтотууга укук берилиши ыктымал.