Өлкөдө аркар жана тоо текелеринин популяциясын аныктоо максатында көз карандысыз эл аралык мониторинг өткөрүлдү. Ага кыргызстандык жана чет өлкөлүк адистер катышып, Иссык-Көл менен Нарын облусунун тоолуу аймактарында изилдөөлөр жүргүзүлдү. Мониторинг аркар жана тоо текелердин саны менен абалын так аныктоого жана коргоо чараларын туура пландаштырууга мүмкүндүк берет. Бул иш "көз карандысыз эл аралык" форматта өткөндүктөн, алынган маалыматтар так жана ишенимдүү деп эсептелет. Алгачкы жыйынтыктар жүздөгөн аркар катталганын көрсөттү.
Бул кызматташуу келечекте дагы уланабы? Адистер жапайы жаныбарларды кантип эсептешти? Ал үчүн кандай ыкмалар колдонулду? Ушул жана башка соболдорго Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн адиси НурисламТоктобеков жооп берди.