БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште беш депутаттык топ түзүлдү.
Алар төмөнкүлөр:
“Ата-Журтка” 18 депутат кирди, лидери Нурланбек Азыгалиев болду;
“Ала-Тоо” — 15 депутат, лидери — Жанар Акаев;
“Мекенчил” — 19 депутат, лидери — Кундузбек Сулайманов;
“Элдик” —18 депутат, лидери — Акылбек Түмөнбаев;
“Адилет Кыргызстан” — 14 депутат, лидери — Нурбек Сыдыгалиев.
Эрулан Көкүлов, Элвира Сурабалдиева жана Болот Ибрагимов эч бир топко кирген жок.