Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңешке төрага болду

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду.
Бүгүнкү биринчи жыйында 84 депутат анын талапкерлигин колдоп, үчөө каршы чыкты.
Төрагалыкка депутаттык беш топтун бардыгы Тургунбек уулун көрсөтүп, башка талапкер чыккан жок.
Эске салсак, ал мурдагы чакырылыштын спикерлигине 2022-жылдын 5-октябрында шайланып, парламентти мөөнөтүнөн мурда тараганга чейин башкарып турду.
Жогорку Кеңеште беш депутаттык топ түзүлдү