Жапаров мектепке кар жиреп барган балага ноутбук, өзүнүн телефонун белек кылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мектепке белден келген кар кечип барган окуучу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылынан келген 4-класстын окуучусу Нурзаманга өзүнүн кол телефонун, ноутбук, топ жана китеп белек кылды. Жапаров окуучуга өзү буга чейин колдонуп жүргөн iPhone-16 үлгүсүндөгү телефонун бере турганын билдирип, "ал аябай жакшы телефон, бардык операцияларды жасасаң болот, видео монтаждап, түз эфирге чыксаң болот" деген.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров мектепке белден келген кар кечип барган окуучу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды

2 / 3

Садыр Жапаров окуучу Нурзаман Алмазбековду президенттик балатыга чакырган

3 / 3

Садыр Жапаров Нурзаман Алмазбековду өзүнүн кол телефонун, ноутбук, топ жана китеп белек кылды.

Жапаров Нурзамандын кар жиреп бара жаткан видеосун көргөндө өзүнүн бала чагын эстегенин айткан. Мамлекет башчы да кезинде кар кечип мектепке барып жүргөнүн билдирген.
Өлкө башчы алдыда "Акылман" мектептери Ошто да ачыларын, Нурзаман 7-классынан тартып андан билим алса болорун кошумчалаган.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга бир метрге чейин жааган карды кечип бараткан баланын видеосу тараган. Интернет-колдонуучулар анын мектепке бара жатканын жазышкан. Жапаров окуучуну президенттик балатыга чакырган
Жапаров көл жээгин таштандыдан тазалаган экоактивистке автоунаа белек кылды