БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Министрлерге чалып "муну-аны кызматка алып кой" дебегиле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын алгачкы жыйынын ачылышындагы кайрылуусунда билдирди.
Ал мурдагы парламенттин депутаттары министрлерге өзүнүн тааныш-билишин кызматка сунушутап, кысым көрсөтүп келгенин белгиледи.
"Эгер мыкты кадрларды билсеңиздер кадрлар резервине жөнөтүңүздөр. Мурдагы депутаттардын жаман адатын кайталабаңыздар", — деди президент.
Жапаров эл өкүлдөрүнүн дагы бир "жаман адатын" эскертти. Анын айтымында, минкабдын отчетун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат.
"Мисалы, менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчетуңа каршы добуш берем деп коркуткандар болгон. Натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон экен. Мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Анткени 1 км жол салуу үчүн алыс аралыктан канчалаган техника тартылып барып, чыгым 2-3 эсеге өсүп кеткен", — деди өлкө башчы.
Ал бийлик өзү жолдорду ырааттуу сала турганын кошумчалады.