БИШКЕК, 17-дек.— Sputnik. Европа комиссиясы Евробиримдиктин саммиттинин күн тартибинен Россиянын активдерин конфискациялоо боюнча маселени алып салды. Бул тууралуу Венгриянын премьери Виктор Орбан социалдык тармактарда билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
"Биз жеңишке жеттик, себеби Еврокомиссиянын төрайымы артка чегингенин, Россиянын активдери жөнүндөгү маселе ал тургай күн тартибинде да болбой турганын билдирди. Көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр жана кечээ кечиндеги күрөш да жыйынтыкка алып келди", — деген Орбан видеокайрылуусунда.
Шаршембиде Politico басылмасы ЕБ өлкөлөрүнүн резервдерин алуу тууралуу чечим мындай кадамга каршы чыгып жаткан Бельгиядан башкасына карата 18-19-декабарда саммитте кабыл алына турганын маалымдаган. Маалыматта айтылгандай, дүйшөмбүдө биримдикке мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү Брюсселди бул ирет да Россиянын тоңдурулган каражаттарын Украинаны каржылоого пайдаланууга көндүрө алышкан эмес. Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер мындай идеяны уурулук деп атап, бул үчүн сотко кайрылса болорун да жашырган эмес.
Активдер айланасындагы абал
Атайын операциялар башталгандан кийин Евробиримдик жана G7 өлкөлөрү Россиянын валюталык резервинин жарымына жакынын бөгөттөгөн. ЕБде 200 миллиард евродон ашык каражат бар, алар негизинен Бельгиянын Euroclear эсебинде турат.
Жооп иретинде Москва чектөөлөрдү киргизген. Достук мамиледе эмес мамлекеттердин чет өлкөлүк инвесторлорунун активдери жана алардан түшкөн кирешелер "С" тибиндеги атайын эсептерде топтолот. Аларды чыгарууга өкмөттүк комиссиянын атайын чечими менен гана уруксат берилет.
Ошол эле учурда канча убакытка чейин болсо да Украинаны каржылоого жардам берүүнү убадалаган Брюссель болгон ресурсунун бардыгын түгөттү. Ал эми биримдиктеги өлкөлөр бул үчүн өз бюджеттеринен каражат бөлүүнү каалабай турат.
Ушул тапта Еврокомиссия Бельгияны Украинаны каржылоого россиялык активдерди колдонууга көндүрүү аракетинде, бирок падышалыктын бийлиги мындай кадамга баруудан баш тартууда.
Кеп репарациялык насыя деп аталган 185 миллиарддан 210 миллиард еврого чейинки сумма тууралуу болууда. Айрым маалыматтарга ылайык, Украина бул каражатты согуш бүткөндөн кийин Москва ага материалдык зыяндын ордун төлөп берсе кайтармай болгон.
Өз кезегинде Россиянын Борбордук банкы Euroclear банкынын үстүнөн 18 триллион рубль суммага доо арыз берген.