Онищенко Бишкекте Биологиялык коркунучтарга каршы борбор ачуунун артыкчылыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкекте Биологиялык коркунучтарга каршы иш алып барган борбор ачуу – ооруларды аныктоону жакшыртып, заманбап деңгээле алып чыгат. Мындай пикирин Россиянын илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтты.
Академик мында кеп, ооруну козгогучтарды тез жана тагыраак ынактай ала турган лабораториялар тууралуу экенин белгилеген. Аталган лаборатория оору козгогучтардын штаммдары өзгөрүп жаткан шартта өзгөчө маанилүү.
Онищенко өлкөнүн түштүгүндө инфекция көбүрөөк жайыла турганын белгилеп, ал жакта абал курчураак деп сыпаттаган.
"Фергана өрөөнү үч өлкөнүн чек арасында жайгашкандыктан калктын жыштыгы жана эпидемиологиялык абалдын татаалдыгы менен айырмаланып турат. Мындай факторлор дайыма адистерди тынчсыздандырып келген", – деди ал.
Ошондой эле оорунун жайылышы күч алганда тез арада чара көрүү үчүн андагы логистиканын жеткиликсиздиги жумушту татаалдаштырарына токтолгон. Онищенко ошондуктан Бишкекке мындай борборду куруу – туура багытка карай кадам деп эсептейт. Мындан тышкары, өлкөнүн түштүгүнө да ушундай лабораторияны, балким, мындан да кубуттуусун салуу зарыл деп билдирген.
Пресс-борбор
Бишкекте Кыргыз-Россия достук ооруканасы ачылат. Онищенко артыкчылыгы тууралуу