БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко Россия эмне үчүн атайын операцияны баштаганын америкалык Newsmax TV телеканалына интервью берип жатканда айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Эски саясатчы катары силерге айтып коёюн. Эгерде уктап жаткан аюунун жанында жашасаң, аны ойготпо. Тилин таап, жакшы мамиле кылып, чогуу жашоонун жолун изде. Анткени менин учурумда мындай болгон. Мен муну жакшы билем, өз көзүм менен көргөм, ошол сүйлөшүүлөргө өзүм да катышкам", — деди Беларусь президенти Россиянын атайын операцияны баштоого аргасыз болгонун эске салып.
Алт Украинанын чыгышында жашаган адамдарды кысымга алып, аларды орус тилинен баш тартууга мажбурлаштын кереги жок болгонун баса белгиледи.
"Эгер Мексикада жашап жаткан америкалыктарды испан тилинде гана сүйлөөгө мажбурлап, алардын балдарын мектепте да испанча гана сүйлөсүн деп кысымга алышсачы? Кудай сактасын, кайсы бир жердеги үйлөрдүн биринде америкалыктарды өрттөп жиберишсе эмне болот эле? Андай учурда силер кандай кылмаксыңар?" — деп америкалык журналистке суроо салган.
Лукашенко мындай болгондо Америка Мексиканы жер менен жексен кылып салыш үчүн баарын жасамак деген пикирин кошумчалаган.
Президент менен телеканалдын алып баруучусу Грета Конвей Ван Састерен маектешкен. Ал — АКШнын Беларустагы атайын өкүлү Жон Коулдун жубайы.