Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Атайын операция көздөгөнүнө жетет". Путиндин жыйында айткандарынын урунттуу учурлары

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дүйнөдө геосаясий кырдаал чыңалып, ал эми бир катар аймактарда абал кооптуу болуп турат. Бул туурасында РФтин президенти Владимир Путин Коргонуу министрлигинин коллегиясында айтты.
РФ лидери Европада Россия менен согуш чыгат деп кооптондурган кепти элге атайылап таңуулап, таратып жаткандыктарын белгилеген.
Ал эми Украинага НАТО аскердик жардамды жакшы эле берип жатканын кошумчалаган.
"Кармаштын түпкү себептерин дипломатия аркылуу чечүүнү туура көрөбүз. Эгерде каршылаш тарап жана алардын чет өлкөлүк колдоочулары сүйлөшүүдөн баш тартса, Россия өзүнүн тарыхый жерлерин күч менен бошотууга аргасыз болот", — деген ал.
Путиндин жыйында айткандарынын урунттуу учурлары:
атайын операция көздөгөнүнө жетет;
Россиянын куралдуу күчтөрү 2025-жылы 300дөн ашуун калктуу конушту, анын ичинде ири шаарларды көзөмөлгө алды;
Россия армиясынын мүмкүнчүлүктөрү тынымсыз өнүгүп, ракеталык комплекстер, дрондор жана роботтук техника менен үзгүлтүксүз камсыздалууда;
"Орешник" ракеталык комплекси жыл аягына чейин колдонууга берилет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жеңилет. Жогорку Радада Украинадагы жаңжалдын кандай аяктаарын божомолдошту