Радио

Эркимбеков: мектептерде психологиялык зомбулук күчөп жатат

Агартуу министрлигинин тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков мектептерде психологиялык зомбулук күчөп жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдөгү жалпы зомбулукту алдын алуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында мамлекеттик жалпы билим берген 50 мекемеде изилдөө жүргүзүлдү. Ага 10 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар, алардын ата-энелери жана мугалимдер катышканын Алтынбек Эркимбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, изилдөө республиканын эки шаарында жана жети облусунда өткөрүлдү.
"Мектептерде зомбулуктун болуп турганы жашыруун эмес, совет доорунан келе жаткан көрүнүш. Изилдөөнүн максаты зомбулуктун кандай түрлөрү күч алып жатканын аныктоо, ага тиешелүү мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде стратегиялык пландарын түзүүгө жардам көрсөтүү болуп саналат. Изилдөөгө окуучулар, алардын ата-энелери жана мугалимдер, ошондой эле тиешелүү министрликтердин адистери катышып, жалпы 1050гө жакын адамга анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлдү. Ага ылайык, бүгүнкү күндө психологиялык зомбулукка кабылгандар абдан көп болуп жатыптыр. Ал узакка созулгандыктан кыздар көп кабылат экен. Андан кийин күч колдонгон жана кибербуллинг боюнча зомбулуктар орун алууда. Мектептеги басымга 7-8-9-класстын окуучулары көп кабылат. Эми зомбулукту алдын алууга, аны менен күрөшүүгө коомчулук дагы жардам бериши кажет. Анткени баланын тарбиясы комплекстүү жумуш. Ошондо натыйжа болсо керек", — деди Эркимбеков.
Ал изилдөөнүн жыйынтыгы менен тарбияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.