Кыргызстандык Айбийке парадзюдо боюнча турнирде алтын медаль утту

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Айбийке Уланбек кызы Бразилияда өткөн IBSA Judo Grand Prix San Paulo — 2025 парадзюдо боюнча эл аралык турниринде алтын медаль утту.
Дзюдо федерациясынан кабарлашкандай, спортчу 52 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.
Ал Тайвань, Мексика жана Швейцариядан келген атаандаштарын жеңди.
Дүйнө биринчилигинен коло алган боксчу Нышановго 75 миң долларлык сертификат берилди